Бүгүн, 16-марттан тарта өлкө аймагындагы ачык жана жабык типтеги диний окуу жайлар 3 жумалык каникулга чыгышты

14-мартта өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында  кабыл алынган чечимге ылайык жана 13-марттагы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын жыйынында чыгарылган токтомдун негизинде бүгүн, 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык аймагындагы ачык жана жабык типтеги диний окуу жайлар  3 жумалык каникулга чыгышты.

Эскерте кетсек, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустук (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө бир катар чечимдер кабыл алынган.