Аалымдар Кеңешинин чукул жыйыны өтүп, учурдагы кырдаалга жараша бир катар чечимдер кабыл алынды

13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустун (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:

Коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында:

  • 1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларга, окуу кружокторго, конференцияларга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин.
  • 2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун.
  • 3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштер жүргүзүлсүн.
  • 4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын.
  • 5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн.
  • 6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин.
  • 7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.

Эскертүү: Кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүүсү мүмкүн же кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат.