Токмок шаары жана Жаңы-Пахта айылында жалпы журтчулуктун амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымовтун демилгеси менен «Шакирхан Төрө» мечитинде, элдин амандыгы, жалпы журттун тынчтыгы үчүн бата тиленип, түлөө өткөрүлдү.

Бул аталган жөрөлгөгө Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов жана жергиликтүү жамаат катышты.

Фархат ажы Юсупов өз сөзүндө элди тазалыкка чакырып, садака кылуунун пазилетин айтып, жалпы элдин амандыгы, тынчтыгы үчүн бата-тилек кылды.

Ушул сымал иш-чара Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылында да өткөрүлүп, ага айыл имамдары, жергиликтүү жамаат катышкан.

«Динибиздеги өкүм жана сүннөттөрдүн бардыгы адам баласынын ден соолугуна зор таасирин тийгизген, оору-сыркоодон сактаган амал экендиги белгилүү. Сүннөттөргө бекем болуу менен бирге, саламаттык сактоо кызматкерлеринин кеңештери менен жүрсөк, оору-илдет эч кандай зыянын тийгизбейт. Ошону менен катар ата-бабаларыбыздын да каада-салтын эстен чыгарбай, шариатыбызга туура келсе, алардын да аткарышыбыз керек», — деди Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.