Ноокат районунда мечиттерди дезинфекциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев баш болгон хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте районго караштуу мечиттерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

«Бул да Жараткандын бир сыноосу. Биз колубуздан келген аракетибизди аткарып, андан ары Аллага тобекел кылууга аргасызбыз. Анткени Жараткан Алла тообо кылуучуларды жакшы көрөт», — деди Музаффар ажы Турдубаев.