Араван районунда мечит, медресе жана диний окуу борборлору дезинфекцияланды

Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары саламаттыкты сактоо  кызматкерлери менен биргеликте районго караштуу мечиттерде, медреселерде жана диний окуу борборлорунда дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Буга чейин Араван районуна караштуу алгачкылардан болуп “Имам Бухарий” жана “Имам Ат-Тирмизи” медреселеринде дезинфекциялоо иштери болгон болсо, учурда бардык мечитттерде, медреселерде жана диний окуу борборлорунда дезинфекциялоо иштери уланууда.

“Бул Жараткандын бизге болгон бир сыноосу. Колубуздан келишинче коронавирусту алдын алууга аракет кылуудабыз. Биз саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен 118 мечит жана 2 медресени дезинфекциядан өткөрүү боюнча келишим түзгөнбүз. Учурда медреселер дезинфекциядан өттү, ал эми мечиттерде болсо дезинфекциялоо иштери уланууда”, -деди Алибек ажы Жусупов.