Кара-Суунун Сарай айылдык аймагында Жараткандан элибиздин амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлүп, бата кылынды

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Анда 1 бодо мал союлуп, эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жана жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, жеринде тапшырылды.

Түлөө учурунда алгач көзү өтүп кеткен маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев түлөө өткөрүүнүн эрежелерине жана тообо келтирүүнүн соопторуна токтолду.

«Биздин ата-бабаларыбыз Жараткандан эл-журтубуздун амандыгын тилеп, ар кандай кырсыктардан сактануу максатында, оорулууларга шыпаа, дарттуулларга даба болсун деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келиишкен. Биз дагы күнүнө  истигфар айтып, түлөө өткөрүп Жаратканга жалбарып жатабыз. Жараткан Алла мамлекетибизди жана буткүл момундарды ар кандай жугуштуу оорулардан сактасын», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.