Ак-Талаанын баш имам хатиби Акылбек Эсеналиевдин демилгеси менен балдар ойноочу аянтчалар, парктар тазаланып, иретке келтирилди

Нарын облусунун Ак-Талаанын баш имам хатиби Акылбек Эсеналиевдин демилгеси менен Баетов айылынын Ак-Талаа мечитинин жамааты мечиттин айланасын, балдар паркын балдар ойногон аянтчаны жана ички иштер, куралдуу күчтөр жана Афган, Баткен ардагерлер паркын тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Пайгамбарыбыз (С.А.В) тазалыкты бийик даражага койгон. Биздин да көчөлөрүбүз зыян келтирүүчү нерселерден, таштандылардан таза турса кандай жакшы! Ошондуктан коомдук жайларды, көчөлөрдү  таза кармашыбыз керек. Ошондо кооз да көрүнөт, ден соолукка да  пайда. Пайгамбарыбыз (С.А.В) жолдогу зыян келтирүүчү нерселерди алып таштоо, тазалоо ыймандын бутагы деген. Бул эң жакшы сооп иш болуп эсептелет. Ислам дини тазалыктын жана сулуулуктун дини. Ошондуктан биз ички дүйнөбүздү да, сырткы дүйнөбүздү да тазалашыбыз керек”,- деди Акылбек Эсеналиев

Мындан тышкары,  айылдык имамдарга дагы мечиттердин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлсун деген тапшырмалар берилди.