Өрнөк айылынын мечити дезинфекцияланды

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын мечити дезинфекцияланды. Бул туурасында аталган айылдын имамы Жылдызбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, райондук санэпидемиологиялык көзөмөл борбору менен макулдашып, мечит толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүлдү.

“Буга чейин райондук хатибияттын көрсөтмөсү менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн атайын адистер чакырылып дезинфекциялоо ишин аткардык”,-деп билдирди Жылдызбек Сатыбалдиев.

Жаздын келиши менен алдыда мечиттин айланасын иреттөө, тазалоо жана көчөт отургузуу, жашылдандыруу, ошондой эле мектеп айланасын дагы тазалоо иштерине кол кабыш кылуу иштери жүргүзүлмөкчү.