Жылдызбек Сатывалдиев: Айылдагы арыктарды тазалап, көчөт отургузууга кириштик

Жаздын келиши менен Ысык-Көл районунда жазга даярдык көрүү, айлана-чөйрөнү тазалоо, сырдоо, көчөттөрдү отургузуу иштери кызуу башталды. Бул туурасында Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек Сатывалдиев билдирди.

Анын айтымында, айылдагы “Үсөнбай уулу Кадыралы” атындагы мечитинин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар менен бирге айылдагы арыктарды, мектеп айланасын, жакыр турган жана ден-соолугунан жабыр тарткан айыл жашоочуларынын үйлөрүн дагы тазалап, жардам көрсөтүп жатабыз.

“Райондук жашылдандыруу кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көчөттөрдү ошондой эле көрктөндүрүү максатында гүл көчөттөрүн алып отургузуу иштери аткарылмакчы”,- деди Жылдызбек Сатывалдиев.