Ысык-Көл облусундагы мечиттердин 80 пайызы дезинфекциядан өткөрүлдү

Учурда коомчулукта кооптонуу жаратып жаткан коронавирус илдетин алдын-алуу максатында, Ысык-Көл облус аймагында мечиттер жана диний окуу жайларда, шаар-райондук санэпидемиологиялык борборлорунун жетекчиликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мечиттердин 80 пайызы дезинфекциялоодон өткөрүлдү.

Жети-Өгүз районунда дагы жумасына 2 жолу, Ысык-Көл районундагы мечиттер дээрлик толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүлдү. Ушундай эле иштер Каракол, Балыкчы шаарларында жана Тоң, Түп, Ак-Суу райондорунда дагы кызуу жүрүүдө.

Ар бир аткарылган иштер боюнча дин кызматкерлери жеринде маалымат беришип, казыят тарабынан дыкат көзөмөлгө алынып жатат.