КМДБнын Орусияда өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев мекендештерди биримдикке жана ынтымакка чакырган баяндамасын жасады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев 15-март күнү мекендештер менен жолукту.

Жолугушуу алкагында мекендештерди наамыстуулукка, ысырапкерчилик менен күрөшүүгө, биримдикке, мекенди сүйүүгө, ата-энени сыйлап урматтоого чакырып, өз баяндамасын жасады.

«Ислам дини тыюу салган арам нерселердин баары ысырап болуп эсептелет. Чет өлкөдө айлап, жылдап эмгектенген мекендештердин ак эмгегин эки күндүк той-топурга эмес, пайдалуу, сооптуу иштерге жумшайлы»,- деди Жусубалиев

Иш-чара Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургундары тарабынан уюштурулган.