Баткенде дин кызматкерлери сатуучуларды азык-түлүк баасын жогорулатпоого чакырды

Акыркы күндөрдө коомчулукта кооптонууну жаратып жаткан коронавирус илдетинен дүрбөлөнгөн түшкөн эл азык-түлүктү көп ала баштаган. Абалдан пайдаланган айрым сатуучулар бааны жогоруулатып сатканы байкалган.

Мындан улам 15-16-март күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып, азык-түлүктүн баасын атайлап көтөрүү күнөө экендигин айтып сатуучуларды азык-түлүк баасын жогорулатпоого чакырды.

«Айрым соодагерлер учурдан пайдаланып, кымбат сатуусу шариат өкүмүнө ылайык туура эмес, динибиз кайра кыйынчылык мезгилинде бири-бирибизге көмөктөшүүгө чакырат»,-деди облус казысы

Белгилей кетсек, Баткен облусунун  казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун  тапшырмасы менен азык-түлүктүн баасын атайлап көтөрбөө боюнча аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.