Максатбек Абдылдаев: Медреселерде кесип үйрөткөн курстардын көбөйгөнү өлкөнүн өнүктүрүү саясатына дагы чоң салым кошуп жатат

Жер-жерлердеги  медреселерде кесип үйрөткөн курстардын көбөйгөнү жаштардын өнүгүшүнө гана эмес, өлкөнүн аймактарды өнүктүрүү саясатына дагы чоң салым кошуп жатат. Бул туурасында “Билим” кесип үйрөтүү жана окутуу борборунун директору Максатбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, медреселер акыркы жылдары ушул жагынан көп утушка ээ болду. Мисалы кесип үйрөткөн курстар мурда облустук жана райондук борборлордо гана жайгашып, ал жерге айыл жериндеги жаштар жетчү эмес. Анткени ал жерге барып окуш үчүн жол киреси, тамак-ашы, жата турган жери да болушу керек.

«Азыр медреседе окуп, кошумча кесип үйрөнгүсү келген жаштар чогулуп бир топ болгондон кийин ошол айыл жеринде жайгашкан медресенин мүдүрү биздин мугалимдерди чакырат. Биз барып ошол жеринде мөөнөтү 1,5-2 айлык курсарды окутуп келип жатабыз. Кесип үйрөнүүгө керектүү шаймандардын бардыгын беш жылдан бери “АВЕП” коомдук фонду өлкө аймагындагы 30 медресеге орнотуп берген. Алар Кыргызстандын бардык облустарында бар. Буга демөөрчү катары бардык чыгымдарын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылап келе жатат. Ушул 2015-жылдан берки аралыкта жалпысынан эки миңден ашык жаштарга 8-9 кесип боюнча кесип үйрөттүк. Азыр алардын 60 пайызы жумуш менен камсыз болуп иштеп жүрүшөт” – деп белгилейт Максатбек Абдылдаев.