Нарын шаарындагы эки медресе дезинфекцияланды

Нарын шаарындагы  эркек балдар медресеси жана кыздар медресеси коронавируска карата дезинфекциялоодон өткөрүлдү.

Жугушсуздандыруу иштерин Нарын райондук ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн  врачы, дезинфектолог Кубанычбек Турдумамбетов алып барды.  Мындай жугушсуздандыруу иштери  Нарын облустук казыяты тарабынан Муфтияттын буйругунун негизинде Нарын облусундагы бардык мечиттер, диний окуу жайларда жана медреселерде  өткөрүлүүчү керек экендиги тапшырылган.

Алгач эркек балдар медресесин, Нарын шаарында жайгашкан кыздар медресеси дезинфекцияланды.

“Дезинфекциялоо  иштеринин жүрүшүнүн алкагында имараттын ичи вирус, бактериялардан тазаланат. Башкача айтканда дубалдардагы, килемдердеги микроорганизмдер тазаланып өлөт. Бир гана короновируска карата эмес башка убакыттарда дагы белгилүү мөөнөттөр сайын жугушсуздандыруу иштерин ар дайым жүргүзүп туруу керек. Өзгөчө коомдук жайларда, билим берүү мекемелерде, коомдук транспорттук каражаттарында”,- деди Кубанычбек Турдумамбетов.