Кара – Буура районунда көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кечээ, 17 – мартта Талас облусуна караштуу Кара – Буура районунун  Чолпонбай жана Шекер айылдарында Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиевдин демилгеси менен мечиттердин короосун тазалоо, көп жылдык гүлдөрдү отургузуу, көрктөндүрүү жана жолдун четтиндеги кара талдардын оордуна ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу  иштери өттү.

Көрктөндүрүү ишине баардык мечиттердин имамдары жана жамааттары катышышты. Чолпонбай айылынын айыл башчысы Айдар Маткеримовдун  демөөрчүлүгү менен 56 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, соңунда  арыктарга суу жиберилди.

“Ушул көчөттөр келечекте айылыбызга көрк берип, урпактардын пайдасына жарасын. Мамлекетибиз өсүп – өнүксүн. Эли жерибиз ар кандай балээ кырсыктан алыс болуп бейкутчулукта жашашсын”, —  деди Кара – Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек Казакбаев.