Ош шаарында имамдардын чукул жыйыны болуп өттү

Кечээ, 18-март күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдарына чукул жыйын болуп, анда казыят кызматкерлери жана КР ДИМК ТАБнын өкүлү Эсенов Бөрүмухамммед  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда ар бир мечит имам өзүнүн мечитиндеги жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар бир катар тапшырмалар берилди.

  1. Мечиттерди тез тез дезинфекциялоо
  2. Жамаатка үйдө намаз окууну сунуштоо
  3. Ар бир имам өз мечитинин жамаатына тойлорду токтотуп туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
  4. Элдерге гигиеналдык тазалыкты сактоо керектигин түшүндүрүү