Баткен казыятында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 20-март күнү  Баткен облустук мусулмандар казыятында казыят кызматкерлеринин,  Баткен шаарынын жана Баткен районунун баш имамдарынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсуповдун катышуусунда коронавирус илдетине байланыштуу жыйын болуп өттү.

Жыйында  коронавирус илдетине байланыштуу элди дүрбөлөңгө алдырбай, тартипке чакыруу, киргизилген чектөөлөр боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу, мечиттерди бат-баттан дезинфекциялоо, гигиеналдык тазалыкты сактоо керектигин  жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү сыяктуу бир катар маселелер каралып, дин кызматкерлерин оор кырдалда мамлекетибизге колдоо берүүгө чакырылды.

Ал эми жыйын соңунда өлкөбүздү жана жалпы дүйнө элин бул илдеттен арылтууну жараткан Аллах Тааладан тилеп, бата кылынды.