Бүгүнкү коронавирус апааты адамзаттын табиятка кол салуусунан, ашыкча ачкөздүгүнөн келип чыккан сыноо

Жүрөктөрү титирешет. Намаздарын тургузушат. (Анфаал сүрөсү, 2-3-аят). Жогорудагы аяттардан эки нерсеге токтолуп кеткибиз келет.

1) Ишенгендер тууралуу …Алла эскерилгенде жүрөктөрү титирешет…. 2) … Намаздарын тургузушат… деп айтылат.

Экинчи аятта Алланын аяттарынан, алардын окулушунан сөз кылганда «Жүрөктөрдүн титиреши» жана «Ыймандын бекемделиши, тобокел кылууга” даяр экенинен сөз болуп атат. Ал эми Алланын аяттарына табият да кирет. Бүгүнкү коронавирус апааты адамзаттын табиятка кол салуусунан, куралданууда жапырт жарышкан байлык үчүн ашыкча ачкөздүгүнөн келип чыккан сыноо. Айтор айтса сөз көп, ушул апаат менен эскертүү да Алланын аяттарынан. Адамзат ачкөздөнбөй, жамандыкта жарышпай Алланын адилет мыйзамын кол тийгис деп билип, ага сый-урмат мамиле кылышы керек экендиги эскертилүүдө. Кылымдан бери биолабороториялардын жарыша өнүгүп атышы, ал жерлерде окумуштуулардын эмне деген коркунучтуу вирустарды тажрыйбалап жатышы, жасалма генетикалык мутация кылууларын жамандыкка колдонууну келечекте кесе токтотпосо, бул адамзаттын өзүн-өзү жок кылуусу эмеспи? Үчүнчү аятта намазды тургузуудан сөз болуп атат. Бул деген бизге чыныгы жардам бере алган, апааттан коргой ала турган кудуреттүү зат бул Кудай экендиги, ага жакын болуунун башкы жолу намаз экенин билишибиз эскертилүүдө. Андан соң ибаадаттын артынан да рахман берген мүлктү ал буюрган жолдо сарптоо керектиги көзгө таамай айтылып жатат. Бүгүнкү жугуштуу апаат ооруудан адамзаттын сакталып, сакайып кетиши үчүн сарптала турган акчалар, мал-мүлктөр Жаратканга жаккан, сообу абдан көп болгон жакшылыктардан болоору айгинеленип турат. Анын мүлкүн аянбастан өзү буюрган жолго азыр сарптоо учурдун талабы. Дүйнөлүк Эл аралык валюта фондунан баштап бардык банктар, миллиардерлер, кайрымдуу фонддор акчаларын ушундайда адамзаттын пайдасына ден соолугуна иштетишинен өткөн зарылдык жок. Химия-биологиялык куралданууга, үрөй учурган адам өлтүргүч курал аппарттарга, кыргын салган согушка сарптоону токтотпогон адамзаттын келечеги эмне болот? Дүйнө жана андагы адамзаты дегенибиз кичинекей айылдай эшиги жабылбаган чабуулга ачык турган алсыз макулук дагы бир айкын болуп атат. Андыктан асманыбыз жарык, аба-суу, топурак генибиз таза болсун десек. Анда Куран бизге апаат кыйроолорго каршы адамзаттын биригип күрөшүүсүн, Жараткан Алла Таалага жалбарып дуба кылуубузду, колдон келген бардык алдын алууларды, эрежелерди сактоону, топтоп келип тобокелди буюрат. Жашообуз ыйман-ынсап, тазалык ден соолук, ынтымак, биримдик болгондо гана кооз жана барктуу болот!

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали Арипов