Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов: Бүгүн, ынтымак менен абалдан чыгып кетүү милдети турат

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кыргыз элине кайрылуу жасады.

Кайрылуу толугу менен берилет.

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.

Ассалааму алейкум ва рохматуллоохи ва баракаатуху!!

Урматтуу мусулман журтчулук, кадырман калайык калк!!! Ар бир жакшылык, ар бир жамандык Аллах Тааладан. Азирети Пайгамбарыбыз алейхис саламдын кутман сахабасы Убаада бин Саамит разиялооху анху керээз катарында балдарына калтырган осуятында: “Уулум! Тагдырдын жакшылык жамандыгы Аллах Тааладан деп ыйман келтирмейинче, ыймандын даамын сезе албайсың, Аллах Тааланы таанып-билүүнүн акыйкатына жете албайсың!”, дейт. (Ахмад 5\317, Абу Дауд 4\225)

Сузак менен Ноокатта үчтөн адам таажы ылаң менен жабыркады деп айтылса, үч миңдей адам ун талашып, тартип сакчыларын жөөлөп, жапайылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаттык. Дүйнө эли жабыркагандарга жардам берип, чыныгы мусулманчылык сыпатты көргөзүп жатса, биздин улак тартчу мырза жигиттерибиз ун тартып-талашып жүрөт. Макул, аялзаты зайыптык кылып чебелектеп жиберээр, бирок аны жоошутчу да, жөнгө салчу да эр жигит эмеспи?!!! Аалам мырзасы Мухаммад алейхис салам айтат: “Ким кыйналып турган пендеге жеңилдик кылса, ага көмөк көрсөтсө, Кудай Таалам ал инсанга дүнүйө жана акыреттин оорчулугун жеңил кылат” (Муслим 2699).

Ардактуу агайын-тууган! Хан Манастын тукуму! Башыбызга келген оорчулукту ун талашуу менен эмес, ун таратуу менен жеңилдетпейлиби? Кыйынчылыкты жеңүүнү, кырдаалды жөнгө салууну дүрбөлөңгө түшүү менен эмес, өзгөлөргө жардам берүү менен чечпейлиби??
Диндарлыгы менен башыбыз таанылып бара жаткан эл элек. Касиеттүү Каабадан ак калпак көрсөк кыргыз деп билип, жүрөк элжиреп, сүйүнүчтүн көз жашы көкүрөктү жибиткен эл элек. Эмне абалга кептелдик…..?

Мындан каатчылык абалды да көргөнбүз.. Суу май жок семичке эгип, аны укалап, кустардык жол менен жасалган чала машинеге май тартып жегенде мынчалык болбоду эле? Буудай жок, жүгөрүнү кол тегирменге тартып загыра нан жеген учурубузга али чейрек кылым болуп-боло элек, бирок мындай абал баштан өтпөдү эле…

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун “Бетме-бет” повестинде, Сейде, күйөөсү Ысмайыл Тотойдун уюн уурдап, союп алган кылыгынан улам аны жектеп, солдаттарга кармап берүүгө көмөктөшөт. Азыркы сейделер күйөөсүнүн кулагынын кужурун алып, базарга жетелеп, элди дүрбөлөңгө түшүргөнгө салым кошуп жатат.

Кээ бир аймактарга карантин киргизилгендей эле колубуздагы “ватсап”тарга, социалдык желелердеги натуура маалыматтарга, ушак-айыңдарга, жалган жалааларга, гыйбат айтууга карантин киргизбейлиби?

Пайгамбарыбыз алейхис салам, адамдарды колдору жасаган иштери эмес, тили менен аткарган күнөөлөрү тозокко жүзү менен салаарын баса белгилеген (Термизи 2616).

Оорунун башы башталаган чоң Кытай деле бизчелик болгонун көрө албадык, баа кымбаттаган жерди деле уга албадык. А бирок, адамдардын кайгысынан тыйын жасагандар бизде пайда болду. Азык-түлүктүн баасын жасалма көтөрүп, үлбүрөгөн үмүттүн шамын өчүрө үйлөштү.

Туура кээ бир элдер, даарат кагаз талашып мушташканын көрдүк, а бирок, нарктуу эл өзүндөй болгон нарктуу менен бааланат.

Кудай сактасын, жаман айтпай жакшы жок, мындан жаман акыбал келсе, эмне абалда болобуз, Кудай сактасын. Сабыр кылалы, Сабырдуу жетер муратка, сабырсыз калар уятка..

Шарияттын талабы экен, мечиттердеги жамааттарды токтоттук, зарыл экен жамаат эмес жумаларды убактылуу токтоттук.. Баш ийдик шариятка.. Келгиле баарыбыз моюн суналы динибиздин айтканына…

Таажы илдетке кабылган жарандарыбыздын умрадан келгендигин талкуулоо көп адамдын ыйманын жаңылап, кээ бирлердин чала ыйманын жууп таштады көрүнөт.

Акылга салсак, Кытайдан чыккан оору бизге биринчи келиш керек эле? Аралыктын жакындыгы, кирип чыккандын көп болуусу, товарлардын чыгуусу оорунун көп жугуусун шарттайт беле? Бирок андай болбоду… Улук Кудайга миң ирет шүгүр….

Умрачылардын дубасы менен балким башка да балээлерден сакталып тургандырбыз.. Аны биле турган күн да келээр. Бүгүн туман каптап турат. Эртең туман таркап ким жөө, ким атчандыгы билинет. Кыяматта момундардын жүзү жарык болоору айдан ачык.

Умрачыларды умрага ыңгайсыз абалда кетирди деп муфтиятты, же бир компанияны, же бир саясатчыны күнөөлөй турган күн эмес бүгүн. Бүгүн, ынтымак менен абалдан чыгып кетүү милдети турат. Жакшылык күнгө жеткенибизде, кутулганыбызга шүгүр айтып түлөө тойдон кийин да териштирип алаарбыз айыптууну. Ал күн качпайт.

Урматтуу бир туугандарым! Ушул элдин молдосу деп кулак салганыңар, эки ооз илими бар деп төргө олтургузуп сыйлаганыңар, маселе болсо сурап кайрылганыңар болуп келген ар дайым.

Кадыр-иззаттын баары Кудай Таалама таандык. Карабашыл педеге ылайык, силердин назарыңарда канчалык кадырым болсо, ошонун баарын жүзүмө тутуп өтүнөм “Сабырдуулукка, токтоолукка, ынтымакка келели! Чагымчылдарга алдырбайлы да, дүрбөлөңгө түшпөйлү! Ыйман сыналган каар заманда ыйманыбызга жарака кетирип алгандан сак бололу!

Башыбыз бар, башчыбыз бар, мамлекетибиз бар элбиз, итаат кылып моюн суналы. Эл менен көргөн улуу той. Уучубуз куру эмес, ун тараткан, пул тараткан, дары-дармек, бет-кап таратып дем берген азаматтарыбызга Кудайым жар болсун! Ошолордун учугу улансын…

Изги дубаларым менен, бир тууганыңар Чубак ажы
21\03\2010ж.

Бишкек,
“Даанышмандык үйү” Хадис Академиясы