Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус илдетин алдын-алуу иштери кызуу жүрүүдө

Акыркы күндөрдө коомчулукта кооптонууну жаратып жаткан коронавирус илдетин алдын-алуу боюнча Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты мамлекеттик ведомстволор менен биргеликте активдүү иш алып барууда.

Алдын-алуу иштерин жүргүзүү жаатында атайын комиссия түзүлүп, анын алкагында шаар-райондордогу мечиттер, медресе жана Куран жаттаттуу борборлору дезинфекцияланууда.

Аны менен катар мечитердин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери дагы башталды.

Мындан тышкары  өлкөбүздө жарыяланган карантиндин мөөнөтү бүткөнгө чейин, коронавирусту алдын-алуу максатында облус аймагындагы бардык мечиттерде күн сайын бешим жана аср намаз убактыларынан кийин микрофон аркылуу жергиликтүү элге эскертүүлөр берилип турмакчы.