Каракол шаарынын мечиттеринде көрктөндүрүү иштери башталды

 “Тазалык- ыймандын бир бутагы” демилгеси менен Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы мечиттерде жашылдандыруу жана тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу шаардын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Анын айтымында, мекенди сүйүү аны коргоо менен гана чектелбейт. Айлана-чөйрөнү тазалап, коомго пайдалуу иштерди жасоо.

«Мекенин сүйгөн адам жер айдайт, жолдорду салат, көчөт тигип, анын санын көбөйтөт жана жайыттарды коргойт. Ошол себептен бүгүнкү күндө жаздын келиши менен жазга кам көрүп, аракеттерибизди баштадык. Алгачкы жумушту мечиттердин айланасын тазалап, көчөт тигүүнү колго алдык»,-деди Талант ажы.