Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө абалга байланыштуу баш имам хатибдер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууда


Бүгүн, 24-марттан тарта Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына жана Сузак районунун аймагына өзгөчө абал киргендиктен облус аймагындагы имам хатибдер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун казысы Абдуллазиз ажы Закиров билдирди.

Анын айтымында, баш имам хатибдер жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, облустук жарандык коргонуу штабынын өкүлдөрү менен чогуу коомчулуктун ден соолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттердин алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин баштады.

“Облус аймагындагы бардык баш имам хатибдер менен биргеликте учурдагы кырдаалга байланыштуу тиешелүү жардамдар көрүлүүдө. Кечээ Сузак районуна гуманитардык жардам келгендикен аларды имамдарыбыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратып беришти. Бардык блокпостордун жеринде болушуп, элдин саламаттыгын кам көрүүдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”,-деди Абдуллазиз ажы Закиров.

Мындан тышкары өлкөгө жарыяланган карантиндин мөөнөтү бүткөнгө чейин, коронавирусту алдын-алуу максатында облус аймагындагы бардык мечиттерде күн сайын бешим жана аср намаз убактыларынан кийин микрофон аркылуу жергиликтүү элге эскертүүлөр берилип турмакчы.