Чүй облусундагы мечиттердин бардыгында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бекитилген талаптарды так аткаруу боюнча жарыялар берилүүдө

Бүткүл дүйнөдө катталып жаткан коронавирус инфекциянын алдын алуу максатында, Чүй облустук казыятынын түзүмүндөгү мечиттердин бардыгында үндү бийиктетүүчү колонкалары аркылуу, күн сайын 3 маал карантин мөөнөтү аяктаганга чейин коронавирустун алдын алуу жөнүндө жарыя-эскертүүлөр берилүүдө.

Бул иш-чара өкмөттүн мекемелер аралык ыкчам штабынын иш-чараларына жакындан жардам көрсөтүү максатында жана өлкөдө түзүлгөн карантинге байланыштуу ишке ашып, облус боюнча Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловтун өз көзөмөлү менен жүрүп жатат.

«Элибиздин коопсуздугун жана ден-соолугун сактоо үчүн киргизилген сактык чараларды аткарууга ар бир мекендешибиз милдеттүү. Саламаттыкты сактоо министирлигинин кеңештерин жана эрежелерин сактаңыздар. Карантиндин талаптарын жана өздүк гигиена тазалыгын сактап, зарылчылык болбосо улгайган адамдарды, балдарыңарды үйдөн чыгарбай, өзүңүздөр да үйдөн чыкпаңыздар. Коомдук жайларга, сейил бактарга жана жөн-жайсыз конокко барбай, коомдук унааларга азыраак түшүңүздөр. Кырдаал турукташканга чейин убактылуу жума намазынын ордуна пешим намазын үйдөн жана беш убак намазды үйлөрдө окуңуздар»,-деди Руслан ажы Жумагулов.

Эскерте кетсек, мындай эскертүүлөр өлкөнүн бардык мечиттеринде айтылып, дин кызматкерлери өзгөчө абал кирген аймактарга элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.