Чүй облустук казыятынын түзүмүндөгү мечиттердин бардыгында дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлдү

Чүй облусуна караштуу мечиттердин дээрлик 100 пайызында дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлүп, жабык турат. Мечиттердин сыртында «Карантин» деген баракчалар илинип, мечит имамдардын дыкат көзөмөлүндө.

Чүй облусу боюнча 400дөн ашуун мечит ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Өлкө аймагында дезинфекциялоо жана карантин иш-чаралары башталгандан тарта бүгүнкү күнгө чейин дээрлик 100 пайыз мечиттерде дезинфекциялоо, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрүп келди.

«Борбордук жана чоң мечиттер бир канча жолу дезинфекцияланды. Өлкө аймагында элдердин бир жерге топтолуусуна тыюу салынгандан кийин, мечиттерде жума намаз окулбастан, беш убак намаз да үйлөрдө окулуп жатат. Бирок, мечит имамдар, сопулар мечиттерде азан айтышып, намаз үчүн келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мечитке көңүп калган жарандарыбыз, өтө ыңгайсыз абалга дуушар болушту. Ошого карабастан, сактануу, алдын алуу максатында абалды түшүнүп, макул болгондор менен биргеликте, сөз укпай, мечитте намаз окуйм деген жарандарыбыз да бар. Аларга колдон келишинче түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деди Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азим.