Манас районунда тар чөйрөдө кеңешме өткөрүлүп, учурдагы кырдаал талкууга алынды

Талас облусуна караштуу Манас райондук администациясында тар чөйрөдөгү координациалык кеңешме болуп өттү. Манас районунун акими Бектен Дүйшөбаев алып барган бул кеңешмеге укук коргоо органдары, айыл өкмөт башчылары, баш имам хатибтер жана медицина кызматтарынын башчылары катышышты.

Анда райондо, областа абал туруктуу экени баса белгиленди. Тийиштүү жетекчилерге эртеңден баштап базарлар жабылсын  деген тапшырмалар берилди.

“Бүгүнкү күндө райондогу бардык мечиттерде 5 убакыт жана жума намаздары токтотулган. Ошондой эле бардык райондо жүргөн дааватчылар өз үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Башка региондордо Манас районунан барган даават жамааты жалпы 12 адам өз үйлөрүнө кайтып келишти”, — деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев

Соңунда Манас районунун акими Бектен Дүйшөбаев баш имам хатибтен ар кандай иш-чаралардын алдын алууда имамдар айыл өкмөттөргө жардам берүүгө чакырды.