Чүй облусундагы баш имам хатибтер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууда


Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловтун тапшырмасы боюнча Чүй аймагындагы имам хатибтер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз кызматташып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралу Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азим билдирди.

Анын айтымында, баш имам хатибтер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо министирлигинин кызматкерлери менен жолугуп, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөр болуп, диний кызматкерлер тараптан кандай жардам керек болсо, бардыгын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.

«Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу облус боюнча диний кызматкерлер тараптан тиешелүү жардамдар көрүлүүдө. Алгачкылардан болуп Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов, Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов, Панфилов районунун баш имам хатиби Жумабек ажы Дуванаев жана Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү», — Бактияр Азим.

Мындан тышкары облустагы имамдар мечиттерди бекем көзөмөлгө алып, бекитилген тартиптерге жергиликтүү элди үндөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.