Кара-Кулжа районунда жардамга муктаж 6 үй-бүлөгө 15,000 сомдук азык-түлүк тапшырылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Азирети Билал мечитинин имамы Аскаров Абдулхакимдин демилгеси менен «Оор абалда кайрымдуу бол» аттуу урааны алкагында кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланып, жалпы 15 миң сомду түзгөн тамак-аш азыктары аз камсыз болгон 6 үй-бүлөгө тапшырылды.

Анда күнүмдүк тамак-аш азыктарынан ун, макарон, май, күрүч жана коронавирусту алдын алууда колдонулуучу антисептик каражаттар сатылып алынып берилди.