Кара-Суу районуна караштуу мечиттерде, медреселерде жана диний окуу борборлорунда дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам хатиби  Абдирашит ажы Батыров жана мечит имамдары саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте районго караштуу мечиттерде, медреселерде жана диний окуу борборлорунда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

«Саламаттыкты сактоо кызмакерлери менен биргеликте районго караштуу бардык мечиттерди дезинфекциядан өткөрүүдөбүз. Мындан сырткары мечиттер үчүн атайын антисептик каражаттар сатылып алынды», -дед Абдирашит ажы Батыров.