Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Өлкөдөгү абалга жараша Чолпон-Ата шаарындагы коюлган блокпосттордо күзөттө турган штаб өкүлдөрү менен бирге, Абдыразак ажы шаар тургундарына, айдоочуларга учурдагы абал жана коронавирус илдетин алдын-алуу аракеттери туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Биз элибиздин, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн аракет кылып, колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Коомчулукта тазалыкты, өздүк гигиенаны сактоо зарылдыгын айтып, динибизде тазалык ыймандын бир бутагы экендигин эскертип жатабыз”,- деди Абдыразак ажы.

Мындан сырткары, күнүгө коронавирус илдетин алдын-алуу жана сактануу аракеттери туурасында Чолпон-Ата шаарынын мечиттеринде элге жарыя айтылып жаткандыгын кошумчалады.