Араван районунда хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары карантинде күзөттө турган кызматкерлерге 10 күн тамак-аш менен камсыздап берет

Кечээ, 28-март күнү Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек Жусупов баш болгон хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары карантинде блокпостто турган медицина, аскер, саламаттыкты сактоо  жана милиция кызматкерлери үчүн ысык тамак уюштурушту.

Мындан сырткары күзөттө турган кызматкерлер үчүн  10 күн бою тамак-аш менен камсыздоо Араван районунун хатибияты тарабынан каржыланат.

Анда Араван районунун баш имам хатиби Алибек Жусупов мамлекеттин тынчтыгын, амандыгын тилеп, карантин постунда туруу өзүнчө ибадат болуп саналарын белгиледи.

«Мамлекеттин коопсуздугу үчүн учурдагы короткон убактыңар жана аткарган кызматыңар Жараткандын алдында бир ибадат болуп саналат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Эки көз тозоктун отун көрбөйт. Биринчиси Алла үчүн ыйлаган көз. Экинчиси Алла үчүн түн бою күзөттө турган көз» деген хадиси сиздерге да тиешелүү», -деди Алибек Жусупов.