Ош облусунда жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Бүгүн, 29-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыяты «Личность» кайрымдуулук  коомдук фонду менен биргеликте жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын көрсөттү.

Анда күнүмдүк тамак-аш азыктарынан  болгон ун, май, кум шекер, макарон, картошкө, сабиз жана коронавирусту алдын алууда колдонуу үчүн 2000 даана бет кап таратылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адис Акжол ажы Бакиров, курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков катышты.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Ош облустук казыяты жана «Личность» кайрымдуулук  коомдук фонду тарабынан каржыланды.

«Жардамга муктаж жарандарыбыз аябай эле көп. Мындай  оор кырдаалда аларга колубуздан келишинче жардам берип,  унутпоообуз кажет. Кудай буюрса мындай илдеттен арылган кубанычтуу күн да келет», — деди Акжол ажы Бакиров.