Таласта учурдагы оор кырдаалга карата 30га жакын жакыр үй-бүлөлөргө 50 000 сом өлчөмүндө азык-түлүк жана акчалай жардам берилди

Талас шаарындагы учурдагы оор кырдаалга карата 30  жакыр үй-бүлөлөргө жана майып балдарга 50,000 сом өлчөмүндө азык-түлүк жана акчалай берилди. Иш-чараны Талас борбордук мечитинин кызматкерлери муктаждардын үйлөрүнө жеткирип беришти.

“Аллах Таала ишкер бир тууганыбыздын кылган кайрымдуулук садакасын кабыл кылсын.   Мындай  кыйын  кырдаалда эл-жерге кылган жакшылыгын Аллах Таалам эч качан  куру койбос. Сообун  сөзсүз берет. Мамлекет  катуу карантинге  алынган учурда өзүн эле эмес өзгөнү да ойлогон эр азаматтарыбыз  көп болсо экен«,- деди Талас борбордук мечиттин имамы Касым ажы Сыдыков.

Ал ошондой эле кыргыз эли мындан дагы оор сыноолорду башынан өткөргөнүн, мындан да чоң тоскоолдуктарды биримдик, ынтымак, достук менен жеңип келгенин. Бул сыноону дагы жеңе турганын баса бегиледи.

Эскерте кетсек, аталган кайрымдуулукка кеткен каражат жеке демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу ишке ашырылган.