Ала-Букада маркумдун тажыясына 10го жетпеген киши катышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунундагы ооруканадан каза тапкан 82 жаштагы байбиченин тажыясы жакын туугандарынын катышуусунда гана өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн ар кайсы аймагында жарыяланган карантинге жана көп кишинин катышуусуна чектөө салынганына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Жакында эле ооруканадан көз жумган 82 жаштагы байбиченин тажыясына 10 кишиге жетпеген туугандары катышты. Ал апанын кыздарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер менен бирге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик»,-деди Шумкарбек ажы.