Кара-Сууга гуманитардык жардам жеткирилип, жеринде таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров «Ысмайыл Матраимов» кайрымдуулук фонду тарабынан коронавирус менен күрөшүү үчүн уюштурулган гуманитардык жардамды таратууга катышты.

Анда күнүмдүк тамак-аш азыктарынан болгон 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миң даана беткап таратылууда. Мындан сырткары жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана 20000 даана коронавирусту 15 минутанын ичинде аныктоочу экпресс-тесттер сатылып алынмакчы.

Аталган гуманитардык жардамдар өлкө аймагындагы коронавирус менен күрөшүп, айрыкча «Өзгөчө абал» киргизилген аймактарда таратылмакчы.

Иш-чарада Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров садаканын сообу тууралуу айтып, фонддун мындан аркы иштерине ийгилик каалады.