“Медреселерде окуган жаштарды кесиптик шыктарга окутуу” долбооруна 34 медресе тандалып алынды

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып жаткан “Медреселерде окуган жаштарды кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган социалдык долбоор быйыл жалпысынан өлкө аймагында 34 медреседе акысыз окуу курстарын улантат. Бул тууралуу “АВЕП” коомдук фондунан билдиришти.

Окуу курстары өлкөнүн бардык облустарын камтыйт.  Буга чейинки жылдары жалпысынан 28 медреседе тогуз адистик боюнча кесип үйрөткөн курстар акысыз окутулуп келсе, быйыл түштүк аймактан жана түндүк тараптагы облустардан үч-үчтөн медресе тандалып алынды. 2020-жылда ошондой эле англис тилин окуткан курстарга басым жасалмакчы.

Ушул жылдын март айында эле Сокулук районундагы “Равза” медресесинде 30 бала эки айлык акысыз окуу курсун бүтүрүп, “ширетүүчү” кесибине ээ болгон сертификаттарды алышты. Ширетүүчүлүк кесипти үйрөткөн мугалим Жолдошаалы Турдакуновдун айтымында, ушул тапта бул кесипке суроо-талап өсүп жатат.

“Ширетүүчү” курсун жаңы бүтүрүп чыкканына карабай бул балдар айына 20-25 миң сомдон өйдө акча таба ала турган мүмкүнчүлүк бар деп ишенимдүү айтса болот” – деп белгилейт.

Ал эми курсту бүтүрүп жаткан уландардын бири Шамидин Бегматов сертификат алса эле Россияга иштөө ниетин жашырган жок.

«Азыр ал жакта дагы курулуш сезону күчөп жаткан учуру. Сертификаты бар ширетүүчү ушул тапта 80-100 миң рублга чейин айлык алат. Андай документи жок, жөн гана үйрөнчүк болсо 30-50 миң рубль болот экен»,-деди ал.

Жалпысынан мындай социалдык долбоорду ишке ашырууга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2015-жылдан берки аралыкта 10 млн сомдон ашык гранттык каражатын сарптап, 30га жакын медресеге кесип үйрөтө турган керектүү жабдууларды алып берген. Натыйжада кыска мөөнөткө ылайыкташкан акысыз курстарды бүтүрүп чыккан 2000 ден ашык уландар менен кыздардын 60% пайызы жумуш менен камсыз болгон.

Кыска мөөнөттүү курстардын алкагында “тикмечи”, “ашпозчу-кондитер”, “электрик”, “ширетүүчү”, “бухгалтер”, “бал челекчи” сыяктуу тейлөө тармагында актуалдуу болгон тогуз кесип үйрөтүлүүдө.