Покровка айылында кыркылык, жылдык токтотулуп, ага кеткен каражат муктаж үй-бүлөлөргө берилди

 Талас облусуна караштуу Покровка айылында март айындагы өтүлүүчү кырк аштар толугу менен токтотулуп ага кетүүчү каражаттар айылдагы муктаждарга жана кары-картаңдарга таратылып берилди.

Бул сыяктуу иштерди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, мечиттердин имамдары жана айылдын аксакалдары менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Казыят менен хатибияттын тапшырмаларын бекем аткарып мындан кийин да карантин учурунда эч кандай тамак аштарды өткөрбөөнү алдын алып жатабыз», — деди  мечит имамы Жаныбек Акбаев.