Ысык-Ата районунда колу жука үй-бүлөлөргө 50 миң сомдук азык-түлүк таратылды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда Ысык-Ата райондук хатибияттын демилгеси менен колу жука, муктаж үй-бүлөлөргө 50 миң сомдук азык-түлүк таратылды. Бул тууралу Ысык-Ата районунун хатибиятынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чара райондогу имамдар тараптан каржыланып, жалпысынан район боюнча 30 үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылган.

Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков кайрымдуулук кылган жарандарга ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар улана берүүсүн баса белгиледи.

«Ушундай оор учур башыбызга түшкөндө, колубуздан келишинче өзгөлөргө кам көрүүбүз керек. Эч нерсеге арзыбаган бул иш-чарабыз көпкө түрткү болот деп ишенебиз. Кудай Таалам кайрымдуулук кылгандардан ыраазы болуп, элибизди, жалпы эле журтчулукту оору-сыркоодон алыс кылган болсун. Мүмкүнчүлүк болгон сайын ушул сымал иш-чаралар улана бермекчи», — деди Бактыбек ажы Убабеков.