Ак-Суу району боюнча коронавирусту алдын-алуу аракеттери активдүү жүргүзүлүүдө

Учурда өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көлдүн Ак-Суу районун аймагында активдүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Мечиттердин дээрлик баардыгы дезинфекциялоодон өтүп, санитардык-карантиндик посттор менен бирге элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Райондук баш имам хатибдин берген маалыматында, мечиттерде  коронавирус илдетин алдын-алуунун боюнча жарыя айтылып, өздүк гигиенаны сактоо зарылдыгы эскертилип жатат.

«Учурдагы кырдаалга жараша, күн-түн иштеп жаткан медицина кызматкерлерине, айрым айылдардын тургундары дагы жардам берип, ошондой эле айылдардагы жеке ишкерлерибиз учурдагы кырдаалга жараша үйүндө отурган кары-картандарга жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүп жатышат»,-деди хатибияттан.

Мындан сырткары, жазга кам көрүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери четте калбастан, өз нугунда кетип жатат.