Баткенде мечиттерди дезинфекциялоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облусунун аймагында  мечиттерди таза кармоо, дезинфекциялоо жана намаз убактысында өз мезилинде азанды айтуу, ошондой эле мечиттеги микрафон аркылуу элди учурдагы кырдаалга байланыштуу тартип эрежелерди сактоого чакырган атайын маалыматтар жаңыртылуу.

Ал эми облустук казыят  район-шаарларынын баш имам хатибдери менен биргеликте жалпы дин кызматкерлери  аралыктан иштөө тартиби менен иштеп жатат.

Ошондой эле жалпы дин кызматкерлери жараткан Аллах Тааладан өлкөбүзгө амандык каалап, учурдагы абал тез күндө өз ордуна түшүп, оорулуулар сакайып, жакшы тилектерди сурануу менен күн сайын куран хатм, зикр, дубалар кылышууда.