ЭҢ ЖАКШЫ ДУБА

Бир ата‑бала кайырмактарын көлдүн жээгине ыргытышып, мейманканага кайтышат. Бир сааттан кийин келип карашса, кайырмакка беш‑алты балыктын түшүп калганын көрүшөт.

Бала:

‑ Мен балыктардын кайырмактарга илине турганын билгем, ‑ дейт.

‑ Кантип билгенсиң?

‑ Дуба кылганмын, ошон үчүн билгем.

Бул жоопко атасы ыраазы болот. Кайырмакка кайра курт сайышып, ыргыткандан кийин түшкү тамакты жеш үчүн кайра мейманканага кайтышты. Тамактан кийин көлгө келишти. Дагы бир нече балык түшүптүр.

Бала:

‑ Мындай болоорун билгем, ‑ дейт.

‑ Кантип?

‑ Дуба кылгам.

Ата‑уул кайырмакты кайра ыргытышып, мейманкага кайтышты. Жатардан мурун, көлгө барып, кайырмакты карашса, бир да балык түшпөптүр.

Бирок бала дагы:

‑ Мен кайырмакка балык түшпөй турганын билгем, ‑ дейт.

‑ Кантип?

‑ Анткени дуба кылган эмесмин.

‑ А эмнеге дуба кылган жоксуң?

Жооп абдан сонун эле:

‑ Кайырмакка жем тагууну унутуп калганымды эстеп, дуба кылганым жок.

Балыктын да, көлдүн да, кайырмактын да, адам баласынын да ээси  ‑Алла Таала. Макулуктарды бири‑бирине жараша Жараткан, адам баласынын карды менен балыктын ортосундагы байланышты түзгөн, тилге даам алуу сезимин, балыкка даамды берген – Ал.

Андыктан, окуяларга бир эле өңүттөн карабаш керек, себеп, натыйжа экөөнү чогуу кароо зарыл. Адамга бүткүл дүйнө берилсе, ал бербегенден кийин баары бир бир кесим да жей албасын, бир да тамчы суу иче албай турганын унутпаш керек.

Себептерге баш ийүү – анын мээрим казыналарынын каалгаларын тыкылдатуу. Бирок, эшик кагылбай туруп, ачылбагандай эле, эшикти кагуу да анын ачылышы үчүн жетиштүү шарт эмес.

Эшикти кактырган да, ачтырган да, чындыкка ачкан да – Ал. Ошон үчүн дуба чын жүрөктөн жана тил менен кылынган соң, кыймыл‑аракет аны коштоп, колдоп турушу керек. Ырас, бир нерсени каалганын айткан киши ага колун сунса, ала албайт.

Балык кармоо каалоосу – тил менен жүрөктүн дубасы, кайырмакка жем илүү – кыймыл‑аракеттин дубасы. Абал тили жүрөктү жалганга чыгарбашы керек.

Даярдаган: Баткен казыятынын маалымат катчысы Авлиёев Фуркат