Ак-Талаада сөөк коюу зыйнаты аз сандагы жакын туугандарынын катышуусунда гана өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында учурдагы кырдаалга карата  сөөк коюу зыйнаты аз сандагы жакын туугандарынын катышуусунда гана өттү. Маркум бир күндүн ичинде жаназасы окулуп, жерге берилди. Ошондей эле бодо мал союлган эмес жана боз үй тигилген жок.

Азыркы болуп жаткан кырдаалды эл түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Кыргызстанда катталып жаткан коронавирус ылаңына карата Нарын казыятынын тапшырмасына ылайык, имамдар айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкандыгын, жаназа жакын туугандарынын гана катышуусунда өтүүсү керек экендигин эскертип айтып жатабыз. Учурдан пайдаланып жалпы элге жана түшүндүрүү  иштерини жүргүзүп жаткан жергиликтүү администрацияга жана Жаңы-Талап айылынын имамына ыраазычылык билдирип кетмекчибиз”,-деди райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев.

Ошондой эле баш имам хатиб мындай тапшырмалар бардык айылдардын мечиттеринин имамдарына тапшырылганын, коронавирусту алдын алуу боюнча дагы түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.