Тоң районунда жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Акунов Таалайбек ажы учурдагы кырдаалга байланыштуу үйүндө отурган кары-картаңдарга жана жетим-жесир, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө.

Хатибият кызматкерлери, Бөкөнбаев айылындагы райондук борбордук мечитинин жамааты менен биргеликте 30 үй-бүлөгө тамак-аш жана күнүмдүк турмуш тиричилике керектелүүчү каражаттарды жеткирип беришип, элдин ыраазычылыгына ээ болушту.

«Бул иш-чарабыздын максаты, кол куушуруп отуруп калбастан колдон келген жардамды көрсөтүп, ошону менен бирге учурдагы кырдаал туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз» ,-деп билдирди Таалайбек ажы.