Кант шаарындагы колу жука үй-бүлөлөргө 30 миң сомдук азык-түлүк таратылды


Чүй облусуна караштуу Кант шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 30 миң сомдук азык-түлүк таратылды. Бул тууралу Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Кант шаарынын «Джами-Джадид» борбордук мечитинин жааматынын демилгеси менен уюштурулуп, аты аталган мечиттин жааматы тараптан каржыланган. Иш-чара алкагында жалпысынан өтө муктаж болгон 23 үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылды.

«Эгерде жер бетиндеги байлардын бардыгы өз учурунда зекетин, садакасын чыгарып турганда, дүйнө жүзүндө бир да муктаж инсан калмак эмес. Кудайым буюрса ошол заманга да жетебиз. Бирок, азыркы учурда оор кырдаалга дуушар болгонубузда, колубуздан келишинче бири-бирибизге кам көрүп, мүмкүнчүлүккө жараша жардам беришибиз керек. Бул бринчи айлампа болду. Бүгүнкү күндөн тарта кайрадан ушул иш-чараны уюштуруп, экинчи айлампабызды баштадык», — деди Пазыл ажы Абдурахманов.