Ак-Талаада мечит, намазканалар дезинфекцияланып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мечит, намазканалар дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Аны менен катар жаназа болгон жерлерде адамдардын көп топтолбой чакан адамдар менен жаназа намазынын окуу зарылдыгы айтылды.

Мындай түшүндүрүү иштери жер-жерлерде район жетекчилиги, баш имам хатиб баш болуп катышып, Баетов, Кайыды-Булак жана Терек айылдарынын тургундары менен жолугушууда билдиришти.

 «Сөөктү үч күн кармабоого, ысырап кылып мал сойбоосун, сөөктү мүмкүн болушунча эрте коюууга» чакыруу иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштерин натыйжасында Ак-Талаа районунда дагы бир жакшы жөрөлгө башталды. Куран окутуп үйгө чакыруу токтогондуктан, малын союп, азык-түлүгү менен кошо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тартып беришти”,- деди Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев