Ак-Талаа хатибиятынын демилгеси блокпосто турган дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине ысык тамак берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев демилгеси мнен хатибияттын кызматкерлери жана мечит жамааты колдоого алып карантинде блокпосттордо турган  дарыгерлер, милиция жана  медицина кызматкерлери үчүн ысык тамак уюштурулуп берилди.

Элдин саламаттыгын, коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге, жарандарга Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев алардын иши жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи.

“Пайгамбарыбыздын (С.А.В) «Эки көз тозоктун отун көрбөйт. Биринчиси Алла үчүн ыйлаган көз. Экинчиси Алла үчүн түн бою күзөттө турган көз», жардам берип кол сунган бардык инсандарга терең ыраазычылыгын билдирем. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы бекем болсун. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн учурдагы короткон убактыңар жана аткарган кызматыңар өтө чоң, сиздердин бул кылган кызматыңар Жараткандын алдында бир ибадат болуп саналат»,- деди баш имам-хатиб Акылбек Эсеналиев.