Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков блокпосто турган кызматкерлерге ысык тамак уюштурду

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси карантинде блокпосттордо турган  дарыгерлер, милиция жана  медицина кызматкерлери үчүн ысык тамак уюштурду.

Элдин саламаттыгын, коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге эл үчүн жана мамлекет үчүн аткарып жаткан жумушу жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеп, буларга токтолду.

«Мамлекетибиздин тынчтыгын, бүтүндүгүн, элибиздин саламаттыгын камсыз кылууда баарыбыз өз салымыбызды кошуубуз керек. Бул жаатта дарыгерлер, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызматта болуп, күжүрмөн иштерин көрсөтүп жатат. Бул кылган ишине Жараткан чексиз соопторду берген болсун»,-деди Абсатар ажы.