Жайыл районундагы имамдардын демилгеси менен райондогу муктаж үй-бүлөлөргө 33 миң сомдук жардам берилди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун хатибияты жана райондогу имамдардын демилгеси менен, райондогу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 33 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Бул соопту иш-чара райондогу имамдар жана кайрымдуу жарандарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашкандыгы тууралуу Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев билдирип, жалпы элди сабырдуулукка чакырды.

«Азыркы учурда жардамга муктаж жарандарыбызга кыйын эле болуп турат. Ошол себептен Жайыл районунун имамдары жааматтагы кайрымдуу инсандар менен биргеликте каражат топтоп, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан көмөк көрсөттүк. Жалпысынан 33 миң сомго алынган азык-түлүк райондогу өтө муктаж болгон 30 үй-бүлөгө тапшырылды Ушундай учурда сабырдуу болуп, бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн эреже-тартиптерди так аткарсак тез аранын ичинде ийгиликке жетишебиз», — деди Нурдан ажы Өмүралиев.

Эске сала кетсек, Чүй казыятынын тапшырмасы боюнча Чүй облусундагы хатибияттардын бардыгында кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда. Чүй облусу боюнча 10 хатибият ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.