Каракол шаардык хатибияты жазгы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө

 “Тазалык- ыймандын бир бутагы” демилгеси менен Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков, шаардын баардык мечиттеринин тазалыгына жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо иштеринин аткарылып жаткандыгын билдирди.

«Динибиз өзү таза дин. Ошол себептен тазалыкты сүйөт. Бүгүнкү күндө , хатибият жамааты демилге кылып, жазга кам көрүү, көчөт отургузуу иштерин жашылдандыруу иштерин аткарып жатабыз. Көчөттүн алма, өрүк, кайын түрү отургузулуп, мечит айланасына, мечиттин бакчасына жана шаардык мечиттердин айланасына тигилди»,-деди Талант ажы.

Мындан сырткары, учурдагы абал туурасында дагы түшүндүрүү иштери болуп, ынтымакта, биримдикте болуу зарыл экендиги шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.