Сүлүктү хатибияты шаардагы блокпосттордон кабар алып, аларга зарыл каражаттарды алып беришти

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Сүлүктүү шаардык хатибияты өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу коронавирус илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында жардам көрсөттү.

Хатибият кызматкерлери Сүлүктү шаарына орнотулган блокпостторго барып, ал жердеги кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирип, аларга зарыл болгон азык-түлүк, көп жолуу колдонуучу беткап жана антисептиктерди алып беришти.

“Бүгүн биз Сүлүктү шаарындагы блок постторго барып кабар алдык. Ал жерде күн-түн дебей өз милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге өзүбүздүн колдон келген азык-түлүктөрдү, көп жолуу колдонуучу беткап жана антисептиктерди алып бердик ошондой эле жараткан Аллах Тааладан алардын ишине жана өлкөбүзгө жакшылыктарды тилеп, бата кылдык ”,- деди Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артык Мадаминов.