Жумгалдын Чаек айылында 90 жашында көзү өткөн маркум ысырапкорчулуксуз жерге берилди

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында каза болгон 90 жаштагы байбиче ысырапкорчулуксуз жерге берилди. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 90 жаштагы Жээнбек кызы Жумабүбү узакка созулган оорусунан улам каза болгон. Маркум кечээ көзү өтүп жакын туугандарынын гана катышуусуна жерге берилди.

«Маркумду акыркы сапарга узатууга анын жакын туугандарынын гана катышуусунда өтүп, эч кандай мал союулган жок жана дасторкон жайылбады. Эл дагы чакырылбады. Бул көрүрүнштү маркумдун жакын туугандары, балдары дагы учурдагы кырдаалды туура түшүнүп, туура кабыл алышты»,- деди Рустам Сейталиев.

Ошондой эле, Муфтияттын жана Нарын казыятынын тапшырмасына ылайык район боюнча имамдар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коронавирусту, анын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн башкармалык тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алган. Алардын бири — адам узак оорудан, кырсыктын кесепетинен, ошондой эле карылыктан каза болсо, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталган. Бул эреже бардык жерде сакталууда.